8-9-апрелде «Талас-Агро 2016» көргөзмөсү өтөт. Иш-чара «Талас ЖИА» (Жаш Ишкерлер Ассоциациясы) тарабынан үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат.

Аты айтып тургандай агро көргөзмөнүн багыты айыл чарба продукцияларына жана техникаларына арналмакчы.

Көргөзмөгө башка аймактардагы жана коңшу Казакстандын Тараз, Чымкент жана Кызыл-Ордо шаарларынан да ишкерлер чакырылды. Чакан заводдорду куруу боюнча Орусиялык «СельхозЛидер» компаниясы да тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Жергиликтүү ишкерлердин колунан жасалган техникалардын тетиктери, төө буурчактын башка түрлөрү жана ЖИАнын чакан сүт заводдорунун продукциялары да көргөзмөгө катышат.

«Бул көргөзмөдө ишкер Миргазы Оморовдун «интенсивдүү көчөттөрү» менен тааныша аласыздар. Анын тажрыйбасында текшерилген көчөттөр отургузулгандан кийин 1-2 жылдын ичинде түшүм бере баштайт. 1 гектар жерге 3 миңден ашык көчөт отургузууга мүмкүн жана бир эле көчөт 100 кг ашык жана тез түшүм бере алат» — дейт Талас жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Бектурсун Такелеев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү