Ошто берген курутту жеп олтуруп меймандос, кең пейил, эмгекчил, жөнөкөй, жан

Кара-Суу району Гүл өстүргөн күнөскана
Кара-Суу району
Гүл өстүргөн күнөскана

дүйнөсү миллионер, дыйкан, багбан, ишкер, фермер башкысы жакшы адамдарды эстеп кеттим. Беш күн жүрсөм дагы жашоочулардын кең пейилине, мээнеткеч, адамгерчилигине баа бердим. Элин колунда жакшы нерсеси болсо жей кал деп берген апама окшоштурдум. Мурда Ош жөнүндө терс сөздөрдү угуп жүрсөм, шаарга киргенде ал ойлорум абага тарагандай жок болуп кетти.

Сулайман-Тоо
Сулайман-Тоо

Оштун босогосун аттаганда эле көзүң Сулайман-Тоого урунат. Тоонун үстүнө чыкканда көнүлүң көтөрүлүп, бүт ааламдын үстүнөн карап тургандай сезим пайда болот. Бийиктен  шаар алаканга салгандай эле көрүнөт экен. Канча кылымдык тарыхты камтыган бул улуу тоодо ар бир келген адам  сүрөткө түшөт да, мен сыяктуу биринчи facebookка жайгаштырат.

Тоодон ылдый түшсөң, Оштун ортосунан Ак-Буура дарыясы агып өтөт. Суунун боюнан эс алып олтурсаң өзүнчө эле керемет. Анан Ошко баргандар сөзсүз самсасын жебесең, анда сууга барып суу ичпей келген адамдай эле болосуң. Шаардан самсанын түрүн тандап жесең, Алайга барып гүлчөтайды, Өзгөнгө барып аш жейсин. Ар бири өзгөчө даамдуу. Араванда болсо бадыраң, капуста, пияз, помидорлор бышып жатат. Ошко болгон сапарымда эң бир кызыктуусу жана жагымдуусу болуп бул Кара-Суудагы гүл өстүргөн күнөскананы көргөнүм  болду. 2 гектар аянтта өстүрүлгөн гүлдөрдүн 8 түрү өсүп, Ош, Баткен, Жалал-Абадды гүл менен камсыз кылат.

Алай. Курманжан-датка айылы
Алай. Курманжан-датка айылы

Ал эми тазалыгы өзүнчө бир сөз. «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот» деген улуу инсандын сөзүн Оштогу туугандар эле колдонуп, күнүмдүк жашоосунда пайдалангандай эле сезилип кетти. Түнкү саат 12де чыксаң деле сырттан бир таштанды таба албайсың.

Айтоор, Ошко болгон сапарым мыкты деңгээлде өттү. Мындан кийин бат-баттан Ошко барып турам деп чечтим да, борборду көздөй сапар алдым.

Ош. Өзгөн району.
Өзгөн району. Аш үстүндө