Туризм департаменти Google компаниясы менен иштешип жатат. Компания көчөлөрдүн 3D форматтагы сүрөттөлүштөрүн, туристтик объектилерди көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Картага Кыргызстандын туристтер көп келе турган алдыңкы шаарлары кирген.

«7-8-майда Ысык-Көлдө туристтик чоң жарманке өтөт. Ошол иш чарага Google компаниясынын өкүлдөрүн да чакырганбыз. Алар көчөлөрдү жана керектүү объектилерди көрүүгө мүмкүн болгон онлайн картаны расмий түрдө тартуулашат», — дейт туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов.

30-мартта департамент 2020-жылга чейинки туризмди өнүктүрүүнүн программасын сунуштаган. Ага келген туристтердин санын арбытуу жана Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытуу боюнча негизги пландар камтылган.