Премьер-министр Темир Сариев пансионаттарды өткөрүү жарлыгына кол койду. Жакын арада өзбек тарап дипломатиялык каналдар аркылуу бул чечим жөнүндө кабардар болот.

«Совет союзу таркагандан кийин «Рохат», «Дилором», «Золотые пески» жана «Бустор» пансионаттарын Өзбекстан иштетип келген. Өкмөт аларды Кыргызстандын эсебине которууну чечти. Премьер-министр кол койду», — деп өкмөттөн кабарлашты.

Бирок өкмөттө бул чечим кыргыз-өзбек чек арасында орун алган чууга байланышы бар-жоктугун такташкан жок. Эске сала кетсек, өзбек тарап эч эскертүүсүз талаштуу аймакта блок постторду коюп, аскерлерин жана техникасын киргизген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү