Борбордогу тарых музейнин айланасында мрамордон төшөлгөн брусчатка бүтүндөй алынып, ордуна Түркиядан жаңы мрамор таштары алынып келет. Оңдоо иштери музейди реконструкциялоонун алкагында жүрүп жатат.

Оңдоо иштери эки этап менен жүрөт. Биринчиси имараттын сырты жана анын ар тарабындагы жайгашкан жерлер. Экинчи этапта музейдин ичин заманбап талаптарга жооп бергидей кылып оңдолот.

Учурда  мамлекеттик тарых музейи да жабылып, ичин реконструкциялоого даярдап жатышат. Ал эми айланасындагы 10 миң чарчы метр аянтты алмаштыруу иши жакын арада башталат, көчмөндөр оюнуна чейин бүтүрүү каралууда.

«Азыр жерге эски төшөө таштары алынып, оңдолуучу жер тосмолонуп жатат. 15 күндөн кийин Түркиядан жети КамАЗ материал келет. Ага чейин эскисин оодарып чыгууга үлгүрсөк, ал келери менен ишти баштайбыз»  — деп билдирди реконструкциялоо боюнча фирманын бригадири Осман Татар.

Сүрөт: saat.kg
Сүрөт: saat.kg

Мындан тышкары мамлекеттик тарых музейинин сырткы бетиндеги кирдеген жана сынган беттери да жаңыланат.

Сүрөт: saat.kg
Сүрөт: saat.kg

Музейдин ичин оңдоп-түзөө 2017-жылда бүтүрүү пландалууда. Музей 25-марттан баштап толук жабылып, учурда ичиндеги экспонаттарды чогултуу иштери жүрүп жатат. Музейдин ичин жана айланасын реконструкциялоо Түркия өкмөтү тарабынан каржыланып жатат.

Сүрөт: saat.kg
Сүрөт: saat.kg

Эске сала кетсек, музей 1925-жылы түптөлүп, азыркы имараты 1984-жылы курулган. Анын айланасындагы төшөө таштары да ошол эле жылы басылган.

Бөлүшүү