Зинедин Зидандын шакирттери бул матчтын фаворити деп эсептелген. Бирок немистер 25-мүнөткө чейин эле эки гол киргизип, бул эсепти матчтын аягына чейин сактай алышты.

Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндары уланууда. 7-апрелге караган түнү “Вольфсбург” өз үйүндө испаниялык “Реал Мадридди” кабыл алды. Батыш прессасы жазгандай, букмекерлер “Реалдын” жеңишине койгон. Бирок, “Вольфсбург” конокторун кучак жайып тосуп алган жок.

18-мүнөттө “Реалдын” айып аянтчасында эреже бузулуп, пенальти дайындалды. Родригес аны так аткарды. 7 мүнөттөн кийин Арнольд оң канаттан чыгарылган топту дарбазачынын алдынан өткөрүп, эсепти эки эселетти. Матч 2:0 менен аяктады.

Сүрөт: news.online.ua
Сүрөт: uefa.com

“ПСЖ” менен “Манчестер Сити” болсо тең оюн көрсөтүштү – 2:2. Златан Ибрагимович биринчи таймда пеналтиден гол киргизгенде франциялыктар жеңишке жетишмек беле…

Ошентсе дагы, швециялык чабуулчу өз эсебине бир гол жаздыра алды. “ПСЖ” үчүн экинчи голду Рабио киргизди.

“МанСитиден” голдор де Брюйне менен Фернандиньонун эсебинде.

Сүрөт: uefa.com
Сүрөт: uefa.com

Эки дуэлдин тең экинчи матчтары 13-апрелге караган түнү Бишкек убакыты боюнча 12:45те башталат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү