Түнү Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын алгачкы оюндары өттү. Өз үйлөрүндө “Бавария” 1:0 эсебинде “Бенфиканы”, “Барселона” болсо “Атлетико Мадридди” 2:1 менен утуп алды.

“Бавария” (Германия –“Бенфика” (Португалия) матчтындагы жалгыз гол оюндун эң башында кирди. 2-мүнөттө сол капталдан көтөрүлгөн топту Артуро Видаль башы менен дарбазанын бурчуна жиберди. Андан кийин курч учурлар болгону менен эсеп өзгөргөн жок. Португалиялыктар жообун бир жумадан кийин Лиссабондо кайтарганга аракет кылышат.

“Барселона”-“Атлетико Мадрид” (экөө тең Испания) оюнунда алгач коноктор ишеничтүүрөөк ойноп башташты. Биринчи таймда “Атлетиконун” чабуулчусу Фернандо Торрес гол киргизип, тыныгууга жакын кызыл карта алып, оюндан четтетилди. “Барселона” көпчүлүктө калганын өз пайдасына колдонуп, экинчи таймда эки гол киргизүү менен матчты жеңе алды. Суарес дубль менен айырмаланды. Командалардын экинчи оюну 13-апрелде өтөт.

Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алкагында бүгүн “ПСЖ” менен “Манчестер Сити” беттешсе, “Вольфсбург” үйүндө “Реал Мадридди” тосуп алат. Оюндар Бишкек убакыты боюнча түнкү 12:45те башталат.