8-10-апрелде Кыргызстанда суук түшүүсү күтүлөт. Борбор калаада абанын температурасы 4-9 градуска чейин төмөндөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Өлкөнүн айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Кыргызгидромет Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында көпчүлүк аймактарда жаан жаай турганын кабарлады. 9-апрелде күндүз жана 10-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу мүмкүн.

10-апрелде Талас, Кемин өрөндөөрүндө жана тоо этектеринде аба ырайы 0-2 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган, гүлдөгөн жана түйүлгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет. Туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин кыйындатат. Ал эми 7-апрелде айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 9-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот деп Кыргызгидромет болжолдойт.