Өмүрбек Текебаев апрель революциясынын активдүү катышуучусу катары убактылуу өкмөттүн иши тууралуу айтып берүүнү туура көргөн. Анын айтымында, китепти жазуу идеясын ага экс-президент Роза Отунбаева сунуштаган.

“Роза Исаковна иш сапарында башка өлкөлөрдө убактылуу өкмөт жөнүндө китептер бар экенин билиптир. Биз убактылуу өкмөт тууралуу китеп жазсак туура болот деп ойлодук. Жумуштардын көбүнөн китептин жарыяланышы созулуп кеткен”, — дейт Текебаев.

Саясатчы китепте экинчи революцияын келип чыгышынын себептери жана убактылуу өкмөт азыркы учурга чейин кандай иштерди аткарды деген суроого жооп жазылганын белгиледи.

Сүрөт: knews.kg
Сүрөт: knews.kg

“Революция бир күндө болбойт. Кээ бирөөлөр убактылуу өкмөт 3 ай ичинде революция жасаган деп ойлошот. Бирок андай эмес. Бул 20 жылдык иш, эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн 20 жыл күрөш”, — деди ал.

Китептин ачылышына экс-президент Роза Отунбаева, премьер-министр Темир Сариев, Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Эмильбек Каптагаев, ЖКнын мурунку жана азыркы депутаттары катышты.