Масштабдуу веломарафон 6-майга белгиленди. Жарышка бир гана кыргыз спортчулары эмес, Казакстандан да келген коноктор катышат.
Споттук иш-чара Кемин районунан башталып, Чолпон-Атадгаы «Рух ордо» комплексине чейин болоору күтүлүүдө. Марафон Көчмөндөр оюунун секретариаты тарабынан колдоого алынып, азыр уюштуруу иштери катуу жүрүүдө.
«Буюрса чоң марафон уюштурганы жатабыз. Азыр финиш Балыкчы шаарында болобу же «Рух ордодобу» тактап атабыз. Баш байге боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деп Saat.kgге дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Кабыл Макешов билдирди.