2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдин бийлиги кулаган. 6 жыл өткөндөн кийин мурунку бийликти кетирген убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана апрель баатырлары революциянын максатына канааттанбай жатышат.
Революциянын максаттары
Революция бир топ максаттарды көздөдү: төлөм тарифтерин калыбына келтирүү, «Кыргызтелекомду», «Түндүк электрди» мамлекетке кайтаруу, саясий шылтоо менен камакта отургандарды бошотуу, монархия орнотууну көздөгөн конституциялык реформаны жүргүзүүнү токтотуу, Максим Бакиев башында турган инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жана өнүгүү фондун жоюу, Курманбек Бакиевдин балдарын жана бир туугандарын мамлекеттик жогорку кызматтардан бошотуу, сөз жана басма сөз эркиндигин камсыз кылуу.
Максатка эми жетебиз
Бул аралыкта кандай өзгөрүүлөр болду деген суроо ушул убакытка чейин жаралып келет. Ага ар ким ар кандай жооп берет. Ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн башында турган экс-президент Роза Отунбаева мамлекеттик башкарууну парламенттик башкарууга алмаштыруу максатын коюшкандыгы тууралуу айтты.
“Ал максаттын натыйжасында бизде парламенттик-президенттик аралаш башкаруу системасы иштеп жатат. Эң башкысы, авторитардык башкаруунун жолун буудук. Биз мандаты боюнча өлкөнү, мамлекетти башкара турган адамдарга болгон талапты жогорулатып отуруп, революциянын алдына коюлган баардык максаттарга жетебиз”, — деген ою менен Отунбаева Saat.kgге бөлүштү.
Жок, жеттик
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев революция максатына жеткенин айтууда.
“Биринчиден, элдин кыжырына тийген Бакиев убагындагы үй-бүлөлүк, регионалдык башкаруу жоюлду. Ошондой эле “Датка-Кемин” долбоору ишке ашып, айыл чарба продукциялары чет жактарга экспорттолуп жатат, газ маселеси чечилди. Ал эми бензиндин баасы болсо бул дүйнөлүк рыноктун таасири астында. Парламенттик мамлекет болдук. Эң негизгиси, сөз эркиндиги бар деп айтат элем. Ал эми электр энергиянын баасында ар кандай өзгөрүүлөр болуп турат. Суу аз болсо, жарык кымбат болот”, — деген ойдо ал.
Же жете элекпизби?
Апрель баатыры, Айбек Мырза революция максатына жетти деп айта тургудай экономиканы көтөрө турган реформалар жүргүзүлгөн жок дейт.
«Коррупция жоюлган жок. Тышкы карыз нормадан, 60 пайыздан ашып кетти. Акаев, Бакиев заманындагы коррупционерлердин көпчүлүгү өз жазасын алган жок. Саясий элита алмашкан жок. Мамлекеттик башкарууга толук жаңы саясий элита келиши зарыл”, — деди ал.
Айбек мырза — “Жаңы Муун” кыймылынын өкүлү. Уюм бийликтин жүргүзүп жаткан иштерине каршы иш-чараларды уюштуруп келишет. Былтыр алар убактылуу өкмөттөн кандуу июнь окуясына, коррупциянын ооздукталбаганына, элдик байлыктар дагы деле таланып-тонолуп жатканына жооп берүүгө тийиш деп билдиришип, митинг уюштурушкан. Бирок жооп болгон эмес. Ал революцияга катышканы менен өзүн апрель баатыры деп эсептебей турганын кошумчалады.
Баатырлыктан баш тартып…
Былтыр жылдын башында Нарында электр энергиясына байланыштуу митингден кийин Бактыгүл Жумабаева апрель баатыры деген күбөлүгүн өрттөгөн.
“Мен эми баатыр эмесмин. Баатыр болбой эле койсок болмок, канча балдарыбыз өлдү. Бекер эле баатыр болуптурмун», — деп ал нааразы болгон.
Аксы районун «баатырлары» дагы күбөлүктөрүн тапшыра тургандарын эки жыл мурун айтышкан. Анткени, алар апрель окуясы өз максатына жеткен жотугун жана президент убада кылган реформалар жүргөн эместигин белгилешкен.
Бирге келгендердин биримдиги ыдырап…
Азимбек Бекназаров бир кезде Акаевге, кийин Бакиевге каршы күрөшүп, эми Атамбаевге каршы чыгып жатат. Ал бийликке жеткенден кийин кайра эле Бакиевдин жолу менен кеткендерин карап турууга жан дүйнөсү жол бербей тургандыгын айтып жүрөт.
“Элдин каны аркылуу келген азыркы президент Алмазбек Атамбаев дагы парламенттик системаны четке кагып, кайрадан авторитаризмдин жолуна түшүп жатат. Президент конституциядагы ыйгарым укуктарынан чыгып кетти. Учурда мен Атамбаевге каршы чыккан жокмун. Биз бир үй-бүлөнүн же бир партиянын кулу болбой, Конституция менен иш алып барышыбыз керек”, — дейт А. Бекназаров.
Экс-президент Роза Отунбаева болсо азыркы бийликтин башка бир бутактары элдин келечеги тууралуу ойлобой жатканын билдирди.
“Айрым конформисттер, өздөрүнө жоопкерчиликти албай, алдына коюлган маселелерди чечпей жатышат. Өздөрүнүн турмушу жана бизнеси үчүн пайдалуу шарттарды алууга аракеттенишип, алар Конституциянын иштешин бузууда. Бул чоң кызмат ордундагы чиновниктер учурдагы Конституция, жаңы башкаруу системасы үчүн өмүрүн кыйгандардын, апрель баатырлардын келечеги тууралуу ойлонушпайт», — деди ал.
Экс-президенттин оюнда, пппозиция жебенин огун Атамбаевди карай гана багыттап жатат. «Эмне үчүн алар өздөрүнө ыңгайлуу кадрларды жумушка кабыл алып-бекитүүгө макул болгон оппозициядан, ЖК коалициясынан, конкреттүү министрлерден, мекемелердин жетекчилеринен, ар кандай деңгээлдеги саясатчылардан талап
кылышпайт? Баардыгын президентке үйө берүүгө болбойт”, — дейт Роза Отунбаева.
2017-жылы Кыргызстан эң өнүккөн мамлекетке айланат деген оюн таш капты
Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө 2017-жылы Кыргызстан өнүккөн башка мамлекетке айлана турганын баса белгилеп келет.
“Ал үчүн эмне кылуубуз керектигин мен билем, бизде бардык шарттар бар. Буюрса, завод-фабрикалар курулуп, сугат жерлер берилип, жаштарыбыз иш менен камсыз болгон өлкөгө айланат», — деген президент.
Ал арада, быйыл “Глобал Файненс” америкалык басылмасынын изилдөөсү боюнча Кыргызстан дүйнөнүн 50 эң кедей мамлекеттеринин катарына кирди.
2017-жылга чейин бир жыл калды.