Тогуз жолдун томунда жайгашкан Сириядагы байыркы шаар Пальмира соңку бир жылда дүйнөлүк басма сөз беттеринен түшпөй келет. Чөлдүн ортосунда жайгашкан Пальмира бүгүнкү күндө оор абалда.
Пальмира Сирияда жарандык согуш башталганга чейин байыркы көркөм архитектуралык курулуштары менен дүйнөгө атагы чыккан. Шаардын тарыхы б.з.ч. II миң жылдыктын башына барып такалат. Колдон колго өтүп турган калаа биздин замандын II кылымында Рим империясы тарабынан каратылып алынгандан кийин мурдагыдан да кооз имараттар курулган.
Шаар кербенчилердин негизги соода жолундагы эс алуучу борбор катары курулгандыгына карабастан, диний курулуштар да көп жүргөн. VI кылымда арабдар каратып алгандан баштап христиан жана башка диний храмдардын курулушу токтоп, исламдык курулуштар башталган. Бирок чөлкөмдөгү башка шаарлардан айырмаланып исламдык курулуштар аз жүргөн. Ошондуктан байыркы храмдар дээрлик бузулбай сакталып калган.
XVI кылымдын башында Осмон империясынын курамына өтүп, 1920-жылга чейин болгон. 1920-жылы Франция Осмон импеиясынан Сирияны тартып алгандан кийин 1946-жылга чейин өкүм жүргүзгөн. Сирия бул жылы көз карансыздыгын алгандан кийин Пальмира да анын карамагына өтөт.
XX кылымдын башында башталган археологиялык казуулар бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Шаар 1980-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастардын тизмесине кирет. Ушундан тарта Пальмирага келген туристердин саны артат. Сакталып калган көз жоосун алган кооз курулуштар, укмуштуудай храмдар, сырдуу имараттар туристерди өзүнө тартып турган. Ошондой эле жаңы археолдогиялык казуулардан тарыхый буюмдардын, шаардын калдыктары табылып реконструкциялангандан кийин дүйнөдөгү эң кызыктуу туристтик жерлердин бири катары саналган.
Пальмиранын тагдыры 2015-жылы бузулду. Мурда туристерди өзүнө тартып атагы чыгып келсе, 2011-жылы Сирияда жарандык согуш башталгандан кийин, согуш чордонунун борбор катары таанылып келет. 2012-жылы Сирия өкмөтү чочулап экспонаттарды көчүрүп баштаган, бирок өлкөнүн саясий абалынан улам аларды толук көчүрүп кетүүгө мүмкүн болгон эмес. Экспонаттарды көчүргөнү менен имараттарды көчүрүп кетүү мүмкүн эмес эле.
Сириянын өкмөттүк аскерлери менен оппозициядан турган эркин армиясы өлкөнүн батыш жагында согушуп жатканда 2015-жылы май айында «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу Пальмираны толугу менен басып алган. Ушул күндөн баштап Пальмира туристик эмес, террордук шаар катары дүйнөгө таанылды. Басып алган террористтик топ байыркы шаар калдыктарынын имараттарын талкалап, экспонаттарды өздөрү каалгандай сатыкка коюшкан. Ошондой эле, бир нече кайталангыс деп эсептелген храмдарды талкалап салышкан эле.
Ушул жылдын 9-мартында Сириянын өкмөттүк күчтөрү Орусиянын аба күчтөрүнүн жардамы менен Пальмира шаарына сокку уруп, 27-мартта шаарды ИШИМден толугу менен бошотуп алгандыгын жарыялап чыгышкан. Учурда шаарды тазалоо иштери жүрүп жатат, бирок 10 ай ичинде талкалап салган эстеликтерди кайра калыбына келтирүү 5 жылда бүтөөрү айтылууда.
Ошентип дүйнөгө эң алгач соодагерлердин эс алуучу борбору болуп таанылган, андан кийин көп жылдар бою диний борбор болуп таанылган, кийинчерээк туристтик борбор болуп таанылган шаар бүгүн талкаланган бир байкуш калаа катары бүт дүйнөгө таанылды. Кайра калыбына келген күндө да кан кечип калган бул шаарга туристер узак жылдар бою баруудан айбыгышат.