1916-жылкы Падышалык Орусиянын оторчулук саясатына каршы кыргыздардын улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча мамлекеттик тапшырма берилди. Окуянын чоо-жайын окумуштуу, тарыхчы, саясатчы, журналистер изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан кербези. Бирок каргашалуу окуянын 100 жыл өткөнүнө карабастан, саясий жактан татыктуу баасын албай келет.

Бул мезгиле чейин аталган окуя боюнча бир нече изилдөөлөр, талкуулар, эл аралык конференциялар болуп өткөн. Ар кайсы тармактагы изилдөөчүлөр өздөрүнүн пикирлерин билдирип келгени менен жалпы мамлекеттик чечим чыга элек. Чынында, 1916-жылкы көтөрүлүш андагы кандуу окуялар, көтөрүлүштөн жеңилип калып элдин Кытайга качуусу, жолдогу көргөн азаптары, климаттын катаалдыгынан кырылган эл, жазалоочу аскерлердин жетип келип кыргын салуусу, ашуулардын катаалдыгынан аша албай кырылган кыргыздардын тагдыры, тарыхы бүгүнкү күнгө чейин тарыхый баасын ала албай келет. Чынында «Үркүндү» геноцид деп атоого болобу? Аталган окуя боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп жүргөн тарыхчы-окмуштуулардын ою кандай?

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун пикири боюнча, кыргыздардын ырайымсыз жазаланып, кырылганына кайрылсак, геноциддин белгилери бар. Өзгөчө 1916-жылдын 16-октябрындагы  Верный (Алматы) шаарында Түркстан генерал-губернаторлуктун Кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечим да аны бышыктайт. Бул Кеңештин чечимине ылайык Кеминдин эли Балхашка, Ысык-Көл кыргыздары толугу менен, ал эми Чүйдүн көтөрүлүшкө аралашкан бөлүгү Нарынга көчүрүлмөк. Демек Ысык-Көлдүн тегереги менен Кемин кыргыздардан тазаланмак. Мына ошого окшогон чечимдер келечекте кыргыз элинин демографиясына оор сокку урмак. Бул геноциддик аракеттердин ачык белгилеринен.

«Окуяга байланыштуу тарыхый булактар негиз берет. Алдыда дагы илимий жыйындар болот, ошол жыйындарда кабыл алынган чечим да эске алынышы абзел. Ошондой эле архивдик иликтөөлөр уланууда. Кыргыздардын аракеттери да ар кандай бааланып жаткан учур. Андыктан геноцид деп коңгуроо кагып саясатка айландырбай жыйынтыктарды күтөлү. Бирок ачыгын айтыш керек геноциддин белгилери бар», — дейт тарыхчы.

31724A7E-F379-4C0A-8D3A-9436604504C8_mw1024_s_n

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын тарых жана маданий мурастар институтунун дректорунун милдетин аткаруучу, тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиевдин ою боюнча 1916-жылдагы окуяны тукум курут (геноцид) деп атоого кошулбайт. Анын пикири боюнча, чынында геноциддин айрым элементтери бар. Анткени, орус аскерлери, жазалоочулар, ал тургай келгин орус дыйкандары да жөн эле топтолуп калган кыргызды көрүп калса же алдынан жолуккан кыргызды атып сала берген.

«Бирок бул окуянын башында кыргыздар көптөгөн орус кыштактарын талкалап, өрттөп, чарбаларын бүлгүнгө учураткан. 6 миңдей орус дыйкандарын өлтүрүп, өкмөт имараттарына чабул койгон. Андан кийин орус аскерлери келип кыргыздарды кырып жатат. Ошондуктан геноцид деп атоо жакындашпайт, эгерде кыргыздар мурда эч бир аракеттерди жасабаганда, орус аскерлери келип, кыргын салып баштаса, анда геноцид деп атоого толук болмок», — деген ойдо окумуштуу.

Urkunqw

Эскерте кетсек, Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча 2015-жылы 27-майында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка гуманитардык илимдердин өкүлдөрү кирген комиссия түзүлгөн. Анда «кыргыз калкынын тарыхындагы эң трагедиялуу окуяга тарыхый баа берүү» сунушталган. Жарлыкка удаа айрым оппозициялык саясатчылар, коомдук ишмерлер өзүнчө коомдук комиссия түзүшкөн. Аны белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров жетектейт. Барскоон айылында коомдук комиссия уюштурган элдик курултай 1916-жылкы Үркүндү геноцид  саясатынан улам болду деп баалаган. Айрым изилдөөчүлөр бул окуяны «кыргын» деп баалоо керек, бирок тукум курут саясаты жүргөн дешке мүмкүн эмес деп санашат. Учурда  окуяларды изилдөө, иликтөө иштери жүрүп жаткан кези.

Бөлүшүү