“Жашыңда кылсаң мээнетти, карыганда көрөсүң дөөлөттү”, -деген кыргыз элинде жакшы сөз бар эмеспи. Ошону сыңарындай, жаштайынан коомдук иштерге активдүү катышып келген, учурда Баткен облусунда “Жеке ишкер Мааткалыков” деген аталыштагы ак кант чыгаруучу заводдун негиздөөчүсү Зарылбек Мааткабыловдун жашы 25те. Зарылбек кантип ийгиликке жетишкендиги тууралуу Saat.kgге айтып берди.

— Зарылбек мырза, ак кант заводун кантип ачып калдыңыз?

10622914_715868868501822_9121243732982633561_n

— Досторум менен студенттик күндөрдөн тарта бизнес семинарларга, тренингдерге катышып жүрчүбүз. Ошол кезден баштап бир канча бизнес долбоорлорду түзө баштагам. Аларды иш жүзүнө ашырууга тажрыйбам жетишсиз болгондуктан, окуудан сырткары ар кайсы тармакта акысыз иштедим.

2014-жылы биринчи долбоорум ишке ашып, шекерден ак кант (рафинад) чыгаруучу заводун иштетип баштагам. Ак кант чыгаруу, сатуу процесси тажрыйбамда болбогондуктан, ушул долбоорду 50 миң сом баштапкы салым менен баштадым. Кандай гана бизнес болбосун, ойлонуп, сабырдуулук менен талыкпай аракет кылсаң, эртеби, кечпи жемишин берет экен.

Кудайга шүгүр, Баткен, Ош облустарынын базарларын ак кант менен камсыз кылып, Тажикстанга экспорттойбуз.

— Заводдо канча адам иштейт?12939554_1013022418786464_364193828_n

Заводдо төрт ишкер бар, ал эми эки базарда сатуучу агент болуп эки киши иштейт. Мындан тышкары, биздин үй-бүлөлүк дагы бизнестерибиз бар. Ал жерде да бир нече адамды жумуш менен камсыз кылып келебиз. 2015-жылы “Ташбай ата” ашканасын ачтык, ал жерде төрт киши иштейт.

— Жакында дагы кандай долбоорлорду ишке ашырганы турасыз?

— Быйыл үч кабаттуу “Каландар” мини маркетин ачайын деп ж12939569_1013019868786719_679181556_nатабыз. Учурда ремонттоо иштери жүрүп жатат. Буюрса, июнь айлары ишке кирип калат. Дагы Кызыл-Кыя көмүр кени боюнча долбоорду ишке ашырууга өнөктөштөрдү издеп жатам. Бул долбоорго кошумча 2 миллион сомдун тегерегинде акча сарпталат.

— Бизнесте ар кандай жагымсыз учурлар болот эмеспи. Сизде дагы ушундай учурлар болду беле?

— Ооба болгон. Бизнесте адашуулар, чыгашалар жана ар кандай күтүүсүз учурлар болот. Ошол кезде эмоцияга алдырбай, каталардын үстүнөн окуш керек. Тез, туура чечим кабыл алганды билүү зарыл. Мен башымдан өткөргөн каталарды башка жаш ишкерлер кайталабаш үчүн бизнес тренинг өткөрүүнү көздөп жатам.

— Жаңыдан бизнес баштайын дегендерге кандай кеңеш бере аласыз?

— Биз, жаштар, убакытты, ден соолукту, акчаны туура багытка иштетүүнү үйрөнүшүбүз зарыл. Көптөгөн жаштар чет жактарда иштеп чогулткан акчасына заңгыраган үй салып, аны толугу менен бүтүргөнгө каражаты жетпей, кайра жылдап жумуш издеп кетишет. Эгер ошол чогулткан акчасын пайда берген жактарга инвестиция кылса, пайдасына машине, үй алып, жетишкендиктерге жетет.

— Айылыңыз үчүн кандай иштерди жасадыңыз?

Туулуп өскөн айылыма азырынча бир аялдама куруп бердим. Экинчи аялдама12969238_1013019882120051_1073248939_nны куруп жатабыз. Келечекте Баткен облусуна эле эмес, Кыргызстандын өнүгүшүнө салымым кошсом деген жакшы тилектерим бар.

— Сиздин ийгилик жетишкениңизге кимдер түрткү болду деп ойлойсуз?

— Мен ар дайым айтып келем, менин мындай ийгилик жаратышыма албетте биринчи ата-энем, бир туугандарым жана досторум жардам берип келет. Аларга терең ыраазычылык билдирем.

 

 

Бөлүшүү