Алардын арасынан 300 миң адамдын ачка калуусу чоң коркунуч жаратып, шашылыш түрдө жардамга муктаж. Өзгөчө Луганск облусунун айрым райондорунда абал өтө курч.

БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюму жылдын ортосуна чейин 270 миң кишиге жардам бергени жатат. 2014-жылдын ноябрынан бери уюм Украинанын чыгышында жашаган жарым миллиондой калкка көмөк көрсөттү. 370 миңдей киши ай сайын азык-түлүк алып турса, базарлар иштеген райондордо жашаган дагы 180 миң адамга акча которулуп турат деп “Дождь” каналы жазып чыкты.

Бириккен улуттар уюму эки тарапты гуманитардык жардамдын өтүүсүнө жол ачып берүүгө чакырган.

БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюму жыл сайын 80 өлкөдө 80 млн кишиге жардам берип келет.

Украинанын чыгышындагы конфликт 2014-жылдын жазынан бери токтобой келет. 2015-жылдын февралында Минск келишими күчүнө кирген. Документ согушту токтотуу үчүн кабыл алынган. Бирок эки тарап тең бүгүнкү күнгө чейин аскерий кыймыл-аракеттер болуп жатканын кабарлап турат.