Санарип дипломатиясы рейтингинде Кыргызстан 96-орунду ээледи. Digital Diplomacy 210 мамлекетте тышкы иштер министрликтери интернетти жана соцтармактарды канчалык деңгээлде колдонгонун изилдеп чыкты.

2016-жылкы рейтинг
2016-жылкы рейтинг

Казакстан 38-орунга чыкты. Тажикстан – 106, Өзбекстан – 124, Түркмөнстан – 151.

Рейтингде биринчи орунду Улуу Британия ээледи. Андан кийин Франция (2), АКШ (3), Орусия (4), Евробиримдик (5), Ватикан (6) жана Индия (7) турат. Украина 11-позицияда, Молдова – 75, Ооганстан 86 жана Сингапур 109-орунга чыкты. Рейтингди Папуа Жаңы Гвинея жыйынтыктайт, ал акыркы 210-орунда турат.

Санарип дипломатиясын эл аралык маселелерди интернет жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жардамы менен чечүү үчүн колдонушат. Ага социалдык тармактар дагы кирет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү