Өлкөлөргө бир нече критерий менен баа берилет. Мусулман үй-бүлөлөрүнүн эс алуусуна ыңгайлуу шарттардын түзүлүшүн жана тейлөө кызматтарынын сапатын эске алышат.
Мындан тышкары, туристтерди жайгаштырууга жана маркетингдик программаларга да көңүл бурулат. Бул жылы индексти эсептөө үчүн визалык чектөөнү жана аба каттамдарын баалаган эки жаңы критерий дагы кошулду.
Рейтингге 130 мамлекет катышкан. Бул жылы биринчи орунду Малайзия, экинчини Бириккен Араб Эмираттары, ал эми үчүнчү орунду Түркия ээледи. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен сап башына Казакстан чыгып 16-орунду ээлесе, Азербайжан 23-орунда.