Вице-премьердин пикиринде, уюмдун ичинде бир акча бирдиги болушу ЕАЭБ ичинде соода жүргүзүүнү жана бажы төлөмдөрүн жөнгө салат. Бирдиктүү валюта түзүүнү Армения дагы сунуштады.
Кыргыз өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашев бул оюн “Евразиялык экономикалык перспектива” форумунда айтып чыкты.
“Биз жакын арада валюталык жөнгө салуу маселесин карап чыгышыбыз керек. Анын ичинде ЕАЭБ алкагында бирдиктүү соода жүргүзүү жана бажыны жөнгө салуу үчүн бир валюта киргизүүнү кароо зарыл”, — деди Карашев.
Евразиялык экономикалык биримдиктин ичинде бирдиктүү валютаны түзүүнү Армениянын улуттук жыйынынын депутаты Грант Багратян дагы сунуштап чыкты.
“Бул маселе өтө курч курат. Ал 2025-жылга чейин күтү тура алат деп ойлобом”, — деп, маселе чечилбесе, ЕАЭБдин экономикалык өсүшүнө тоскоол жаратышы мүмкүндүгүн белгиледи.
Буга чейиин Армениянын борбордук банкынын төрагасы Артур Жавадян ЕАЭБде бирдиктүү валюта түзүү али эрте экенин айткан деп «Эхо Кавказа» жазып чыкты.