11-апрелден тарта Кыргызстандын баардык регионунда бензиндин Аи-80, Аи-92 жана дизелдик отун 1 сомго кымбаттайт. Муну менен катар эле, Аи-95 бензини 50 тыйынга көтөрүлөт.
«Бензиндин кымбаттоосунун биринчи себеби деп сезондук факторду эсептесек болот. Ошондой эле, Орусияда бир катар күйүүчү май чыгарчу заводдордо оңдоо иштери башталып, өндүрүү азаюуда. Мунай продукциясынын дүң баасы кымбаттоодо», — дейт кыргыз мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов.
Ушундан улам, орус өкмөтү мунай иштетүүчү ишкерлерге 2,1 миллион тонна бензин запасын топтоону сунуштаган. Азыркы учурда Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин бир литр баасы 30 сом, Аи-92 — 34 сомду түзөт. Аи-95 үлгүсүндөгү майды куюу 37 сом, дизелдик отун 31 сомду чапчыйт.
Апрель айы боюнча бензин дагы 7-10 пайызга өсүүсү күтүлүүдө.