Дүйнөлүк тарыхта бийликти алмаштырган көптөгөн революциялар болуп өткөн. Ар кайсы өлкөдө анын жыйынтыгы ар башка болгон. Бул макалада революциянын өнүгүү жолуна алып келген учурларды тартуулайбыз.

Улуу Француз революциясы: 1789-1799-жылдар 

Сүрөт: postnauka.ru Улуу Француз революциясы 1789-1799-жж

Сүрөт: postnauka.ru Улуу Француз революциясы 1789-1799-жж

Феодалдык-абсолюттук бийликтин адилетсиз башкаруусу, каатчылыкка баткан экономика элди көтөрүлүшкө түрткөн. Эл Францияны Европадагы өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдүн катарында болууну каалаган. Революция 10 жылга созулган. Ал аралыкта  бир нече ирет бийлик алмашкан. Революциядан кийин жаңы Франция пайда болуп, жаңы демократиялык коомду курушкан. Франция көп өтпөй кубаттуу империяга айланган.

Октябрь социалисттик революциясы: 1917-жыл 

Сүрөт: www.istpravda.ru 1917-ж. Октябрь революциясы

Сүрөт: www.istpravda.ru 1917-ж. Октябрь революциясы

Баарыбызга белгилүү Октябрь социалисттик революциясы буржазиялык Орусияны кулатып, оң жолго түшүргөн. Орусия империясында мезгилинде бир да жаңы ойлоп табылган техника болгон эмес, дээрлик батыштан алынып келинген. Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан Орусия экономикалык төмөндөөнүн жолунда турган. 1917-жылдагы февраль революциясы андан кийинки октябрь революциясы болуп өткөн. Октябрь ревоюциясынын максаттары өзгөрүп кетсе да, жыйынтыгы СССРди тең келгис дүйнөлүк державага айланткан.

Германияны өзгөрткөн революциялар (1849-ж, 1918-ж) 

Сүрөт: historic.ru

Сүрөт: historic.ru

1848-1849-жылдары Европада буржазиялык-революциялар орун алган. Алардын бири Германияда. Бул мезгилде бүткүл Европада таптык бөлүнүү күч эле. Андан тышкары Германия 39 өз алдынча мамлекетке бөлүнүп турган. Саясий бытырандылык күчөп, капитализмдин өнүгүшү төмөндөп кеткен. Цензурага кысым күчөгөн.

Элдин негизги талабы бирдиктүү герман мамлекетин куруу болгон. Бийликтин каттуу каршылыгына карабастан элдик-боштондук күрөш күчөп, жыйынтыгы бийликтегилер элдин талабын аткарууга мажбур болгон. Бирок өлкө өнүгүүгө карай кадам таштаган. Германия аз убакыттын ичинде экономикалык көрсөткүчү, калктын турмушу боюнча дүйнөдө алдыга оозуп чыккан. Муну менен катар эле Италия, Францияда да революция жыйынтыгы жакшы нукка бурган.

1918-жылдагы Германиядагы революциянын себеби белгилүү болчу, биринчи дүйнөлүк согуштан жеңилип калган Германия империясында ачарчылык, экономикалык төмөндөө күч болуп турган. Элдик көтөрүлүш революция болуп ишке ашып, аз убакыттын ичинде Германия талкаланган экономикасын оңдоого жетишкен. 15 жыл ичинде кайрадан дүйнөдөгү эң кубаттуу өлкөгө айланган.

Иран ислам революциясы: 1979-жыл

Сүрөт: kavpolit.com 1979-ж. Ирандагы ислам революциясы

Сүрөт: kavpolit.com 1979-ж. Ирандагы ислам революциясы

Иран ХХ кылымдагы эң артта калган монархиялык өлкө болчу. Көз карандысыз деп эсептелгени менен экономикалык жактан дээрлик капиталисттик батыш өлкөлөрүнө көз каранды эле. Иранда жумушсуздук күчөп, жакырчылык чегине жеткен. Ошого карабастан, шах өлкөнүн байлыктарын, ири ишканаларын чет элдик компанияларга кармата берген. Башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып, Иран Израиль менен дос болгон жалгыз өлкө болчу. Түндүк тарабында СССРдин таасири күч болгон. Ошентип бийлик деген гана аты болгон Ирандын шахы саясий эркин да, экономикалык абалын да жоготкон. Оппозицияны куугунтуктап, түрмөгө адам батпай кеткен эле.

1978-жылы өлкөнүн ар кайсы аймагында майда көтөрүлүштөр башталган. 1979-жылы февралда жеңген революция тарыхта ислам революциясы деп аталып, өлкөнү бурулушка алып келген. Революциядан көп өтпөй Ирак менен 6 жыл согушканына карабастан, бүгүн Иран 200 мамлекеттин арасынан экономикасынын көлөмү боюнча 29-орунда турат. Ири державалар Иран менен эсептеше албай койо албайт.

Грузия революциясы: 2003-жыл. 

Сүрөт: www.kommersant.ru. 2003-ж. Грузиядагы роза революциясы

Сүрөт: www.kommersant.ru. 2003-ж. Грузиядагы роза революциясы

Грузия 1991-жылы көз карандысыздыгын алгандан кийин экономикалык каатчылыкка баткан. Башка постсоветтик өлкөлөрдөн айырмаланып, Грузияда бийлик тынбай алмашып турган. 2003-жылы да Грузияда этникалык улуттар ортосунда көйгөйлөр чоң эле. Экономикалык жана саясий каатчылыкка баткан Грузияда коррупция гүлдөгөн.

Парламенттик шайлоонун бурмаланып, мурдагы президенттин өнөктөштөрүнүн жеңиши көтөрүлүштүн чыгуусуна түрткү берген. Ошентип Грузияда роза революциясы ишке ашкан. Грузин эли күткөндөй революция өз жемишин бере алды. Бүтүндөй бийлик: сот, аткаруу, башкаруу реформаланды. Грузия экономикалык жактан ийгиликтерди багынта алды.

Бөлүшүү