Өрт окуу жайдын 150 студент жашаган жатаканасында чыккан. Жыйынтыгында, 14 адам ооруканага жеткирилди.
Өрт чыккандагы тууралуу билдирүү саат 11:51де келип түшкөн. Өрт өчүрүү кызматынын АЦ-40 жана АЛ-30 үлгүсүндөгү 2 техника бирдиги тез аранын ичинде жетип, тилсиз жоо 45 мүнөттүн ичинде өчүрүлгөн. Кырсык 1-кабатта катталып, 80 чарчы метрди кыйроого учуратты.
«Кырсык катталган бөлмөдө эки кыз жашачу, кыздар электр жабдыктарын өчүрбөй сабакка кетишкендиктин кесепетинен кырсык катталып жатат», — деп түшүндүрдү өрттүн келип чыгуу себебин университеттин ректору Төлөбек Абдрахманов.
Кырсык учурунда ис газына ууланып, 14 адам №4 шаардык ооруканасына жөнөтүлгөн. Азыркы учурда университет канча чыгымга учурагандыгы эсептелүүдө.