Кыргызстандын салык кызматы Казакстандан келген шекердин баасы төмөндөтүлүп киргизилип жатканын аныктады. Мында, 1100 факт катталып, өлкө бюджетине 1,5 млн сом зыян келтирилгени маалым болду.

Баасы туура эмес көрсөтүлүп киргизилип жаткан товарлардын арасында шекер, ун, күрүч, акшак, балык жана эт дагы бар. Бирок көбүнчө шекерди алып кирүүдө баасын төмөндөтүү факттары көп болгон. Товарлардын талондорун текшерүүдө шекердин баасы 2 сом 50 тыйын деп көрсөтүлгөнү аныкталды. Кыргызстанда анын базар баасы 49 сомду түзөт.

Tengrinews кабарлагандай, төмөндөтүлгөн баада 30 миңдей кап шекер алынып келген. Мындай жол менен башка азык-түлүк дагы ташылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү