Жаздын келиши менен талаа иштери башталды. Дыйкандарды эмне эгем, жалгыз киреше булагы быйыл туруктуу болобу деген суроо түйшөлтөт. Бул жылы картошка, жүгөрү, дан эгиндери, кант кызылчасы кирешелүү болот деген айыл чарба министрлигинин божомолу ишеничтүүбү?
Былтыр картошканы жылдагыдан көп эккен Ысык-Көл дыйкандары өз продукциясын базар баасынан арзан сатууга аргасыз болушкан. Карапайым фермерлердин ЕАЭБке мүчө болуп кирип соодабыз жакшы болот деген оюн таш капкан өңдүү. Дүңүнөн 4-6 сомдон кетсе, чекене баасы 8-10 сомдон болуп жатты.
Ушул эле көрүнүш Таласта байкалды. Төө бурчак жылдагыдан арзан болуп, аны эккен дыйкандар нараазы болуп митингге чыккан. Премьер-министр Темир Сариев кыргыздар бизге витамин жетишпейт, төө буурчакты тамак-ашка көбүрөөк колдонолу деген кеңешин айтып өткөн. 2013-жылы килограммы 100 сомдон сатылган төө буурчактын баасы былтыр 30 сомдон ашпады.
Түштүк жергесиндеги көрүнүш дал ушундай. Пахтанын баасы эң эле көтөрүлгөнү 38 сом. Бирок баары бир эле дыйкан тобокелге салып, пахта эгет.
Өкмөттүн айтымында, быйыл кант кызылчасынын айдоо аянттарын көбөйтүү керек. Бирок көп дыйкандар кант кызылчасын эгүүдөн өткөн жылы эле баш тартышкан, себеби мээнети көп болгону менен пайдасы аз болууда дешет алар.
Бир гектарды бир киши иштете албайт, ал эми жумушчуларды алуу бул дагы ашыкча каражат.
Азыркы учурда, сатуучулар шекерди четтен алып келишет. Бул кант кызылчасынын арзандыгынын дагы бир себеби. Ал өрүк гүлдөгөндө себилет, ошондуктан, азыр да тобокелге салып айдагандар жок эмес.
Ысык-көл облусунун дыйканы Айбек Сыдыков акыркы жылдары буудайга басым жатканын айтат.
«Жаздын бир күнү жылды багат, биз жаз келээри менен эле талаа иштери менен алек болуп калабыз. Негизи картошка арзан кетет, актабайт. Буудай себебиз, мен үч гектар жериме былтыр буудай сээп, 9 тонна алдым. Анын килограммы 17-20 сомдон кетип, жакшы пайда берди. Үйгө ун кылганга да кенен жетти. Айылдаштарыбыз 10 гектарлап себишет. Буудай, арпа жакшы киреше алып келет», — дейт ал.
Дагы бир фермер Бекболсун Ташкожоев беде себээрин айтып өттү. Сарымсак, капуста түшүм жакшы бергенин айтат.
«Жерим өтө деле чоң эмес. Ошентсе деле жерден бир топ килограмм алып, аны 200-250 сомдон саттык. Капустадан жакшы түшүм түшөт деп угуп, капуста да айдагам, бирок адашып капустанын башкачасын алып алыптырмын. Кызыл капуста деп аталат экен. Мындай өсүмдүктү базардан эле көрчү элем, өстүрсө болоорун билбептирмин», — деп ою менен бөлүштү дыйкан.
Кызыл капустаны 250-300 сомго чейин алышкандыктан, аны эмки жылы дагы себейин деп турам деген Бекболсун Ташкожоев беде дагы жакшы киреше алып келээрин айтат. Үрөнду 280-300 сомдон алса, бир жылда эки, жакшы болсо үч жолу түшүм алып, бир түктү 100-150 сомдон өткөрсө болот дейт. Ошондой эле ал күнөсканаларга кызыгып жатканын, бирок кандай кылып куруп, эмнеден баштаарын билбей турам деп кошумчалады.