Ошол эле шаарда жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик 828 метрлик имарат деп эсептелген Бурж-Халифадан да бийик болоору күтүлүүдө. Курулушка жалпы 1 млрд доллар керектелип, ал 2020-жылга чейин бүтүшү пландалууда.
Имаратты Emar компаниясы курат. Бирок азырынча анын бийиктиги канча болоору так айтыла элек деп РИА Новости Франс Пресс басылмасына таянуу менен жазып чыкты.
Бул имараттын ичинде ресторан, көңүл ачуучу, эс алуучу борборлор жана кеңселер болот. Долбоордун дизайнын испаниялык архитектор жана скульптор Сантьяго Калатрава Вальс түзүп чыкканын компаниянын башкаруучусу Мохмад Алаббар билдирген.
Араб эмираттарынын коңшусу Сауд Арабиясы эң бийик имаратты куруп баштаган, бирок Дубай бийиктикти бергиси келбегендей сыяктанат.