Визасыз режим өзүнүн профессионалдык максаттары менен өлкө аймагына кирип жаткан прессанын өкүлчүлүктөрүнө каралган эмес. Ошондой эле, 30 күндүк визаны узартууга же кандайдыр бир башка түрүнө өзгөртүүгө тыюу салынат.

2016-жылдын 11-апрелинен тарта Кыргызстандын жарандары Индонезияда 30 күн визасыз жүргөнгө мүмкүнчүлүк алышат.

Индонезия өкмөтү 2016-жылдын 10-мартынан тарта киргизген мыйзамы күчүнө кирди. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарына (жалпы жарандык паспорту барларга) 30 күн визасыз жүргөнгө мүмкүнчүлүк берилет.

Бул мамлекеттке чет жерлик жарандардын кирүүсү бир гана Soekarno-Hatta эл аралык Индонезия аэропорту аркылуу жүргүзүлөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү