Турак-жай кварталына жеңил моторлуу учак кулап түшүп, эки адам жабыр тартты. NBC New York сайты кабарлагандай, Piper 28 учаары менен кулаган.

34 жаштагы пилот Скотт Клиффорд ооруканага түшүп, оор жаракаттарды алды. 65-жаштагы учактагы жүргүнчү Майкл Роум да жаракаттарды алгандыгы белгилүү болду.

Кулоодо учак бакка жана устунга тийип, анан кулаган. Акыркы алынган маалыматтарга караганда, учактын мотору бузула баштагандыктан, пилот артка, аэродромго  бурулууга аракет кылып, бирок жетишпей калган. Көргөндөрдүн айтымында, учак катуу бурулуп, анан кулагандан кийин күйүп кеткен.

Ал электр энергия зымдарына зыян келтирип, 250 үйдү жарыксыз калтырган.

Жергиликтүу полиция өкүлү Тимоти Сини «Учак үйлөргө куласа да, бир да адам зыян тартпаганы, таң калычтуу» деди.

Бөлүшүү