“Түнкү мергенчи” деп аталган тик учак аскерий операцияларга катышып жаткан. Эки учкуч каза болду. Аны эч ким атып түшүргөн жок деп Орусиянын коргоо министрлиги билдирди.

Тик учак 12-апрелде саат 4:29да бшк Хомс шаарында кулап түштү. Сирияга орус аскерлери киргенден тартып ошону менен сегиз киши каза болду. Учкучтардын сөөктөрү Хмеймимде жайгашкан аба базасына жеткирилди.

Ми-28Н түшкөн жерде адистерден турган ыкчам топ иштеп жатат деп РБК жазып чыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү