Каршы болгондордун айтымында, демилгени көтөрүп чыккан депуттар азыркы чакырылыштагы парламентте жок.

«Аларды эл шайлаган эмес. Бул мыйзам долбоорун талкуулабастан күн тартибинен алып салууну талап кылабыз”, — дейт Saat.kgге укук коргоочу Төлөкан Исмаилова.

Эске салсак, “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзам долбоорун мурунку чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев, Надира Нарматова көтөрүп чыккан. Буга чейин Турсунбай Бакир уулу бейөкмөт уюмдар батыштан акча алып, алардын буйрутмаларын аткарып жатканын айткан.