Нидерланддын жашоочулары референдумда буга каршы чыкканы менен ЕБ Украинага берген убадасын аткарат. Ал өз шарттарын аткарды деп Reutersке ЕБдеги булактары айтып берди.

Анын айтымында, визасыз тартипти киргизүүнү Еврокомиссия апрель ичинде сунуштайт. Бирок, сунушка миграция күчөп кетсе, режимди убактылуу токтото турганга мүмкүнчүлүк берген кошумча пункт киргизилет.

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер 17 мартта Украинанын президенти Пётр Порошенко менен жолугуп, ЕК визалык талаптарды жумшартуу боюнча сунушун апрелде бериши мүмкүн деп айткан. Украина менен визасыз тартипти киргизүүнү Евробиримдикке кирген баардык 28 өлкө колдошу керек болот.

6-апрелде Нидерландда ЕБ менен Украинаны жакындатуу жөнүндөгү келишим боюнча референдум өткөн. Калктын 38% гана келишимдин кабыл алынышын колдоп, 61% каршы чыккан. Акыркы жыйынтык бүгүн чыгышы күтүлүүдө.