Кечээ Темир Сариев кызматынан кетип, коомчулукта кийинки премьер-министр ким болот деген кызуу талкуу жүрүп жаткан учур.
Саясат таануучу Марс Сариев жана Бакыт Бакетаевдин өкмөт башчылыкка ким келе тургандыгы тууралуу жообу окшош болуп чыкты.
Алар бир нече талапкерлердин аттарын аташты. Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Сооронбай Жээнбековдун, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбековдун, биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин талапкерлиги каралышы мүмкүн экенин айтышууда.
Марс Сариевдин айтымында, эгер Асылбек Жээнбеков өкмөт башчылыгына келсе, анын ордуна ЖКнын төрагалыгына Өмүрбек Текебаев же Чыныбай Турсунбеков келет.
Бакыт Бакетаев депутаттардын, элдин арасында премьер-министр болуп иштей тургандар көп экенин билдирди.
“Бирок бир жылдан кийин кетип калбайбы деген ой бар. Эмнеси болсо да, карапайым элге шарт түзүп берген, алардын камын ойлогон инсан өкмөт башчылыгына келишин күтөбүз”, — дейт Бакетаев.
Ал эми оппозиция өкүлү Адиль Турдукуловдун айтымында, премьер-министр ким болоорун президент чечет.
«Башка парламенттик өлкөлөрдө премьер-министрдин кетиши бүт коалициянын жоюлушу менен бүтөт. Темир Сариевдин кызматтан кетиши президенттик аппараттын оюну экени ачык көрүнүп жатат. Алардын башкы максаты болсо көз-карандысыз талапкердин президенттик шайлоодо утуп алуу шансын азайтуу», -дейт ал.
Көпчүлүк ЖМКлар кийинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун болоорун жазып жатышат.