Бүгүн Юрий Гагариндин космосту багындырганына 55 жылдын жүзү болду. Албетте, жалпы ССРБдин курамына кирген мамлекеттер үчүн бул чоң сыймык болгон. Юрий Гагаринди жана башка космонавттарды жакындан тааныган БГУнун профессору Тилектеш Ишемкулов Кыргызстандын космонавтикага кошкон салымы чоң экенин Saat.kgге айтып берди.
Космонавтикага салымын кошкон кыргыз техниктер, инженер…
Космоско учкан кемелердин тетиктерин совет биримдигинин ар кайсы мамлекеттеринде жасаган. Ошонун ичинде биздин кыргыз эли дагы тиешелүү салымын кошо алган. Кыргызстандын космонавтикага кошкон салымы үчүн жалпы мамлекет тарабынан эң жогорку баага татыган. Биздин бир топ инженерлер, техниктер, советтер союзунун мактоо баракчалары менен сыйланган.
Юрий Гагаринди Кыргызстанга келет деп ойлогон эмеспиз
Юрий Гагарин 1961-жылы Айга учуп барып келгенде аны дүйнө жүзү абдан чоң урмат менен тосуп алды. Гагарин дүйнөдө эң атактуу адамга айланды. Ал кайсы өлкөгө барбасын, ал жак даярдык көрүп, чыдамсыздык менен күтүп калган. Ошол кезде космоско учкан биринчи адам Кыргызстанга келет экен деп ойлогон эмеспиз. “Космостун Колумбу” Юрий Гагарин Фрунзеге келип, расмий жолугушууларга катышкандан кийин Ысык-Көлдүн Тамгасындагы аскерий санаторийне келген.
Мен ошол учурда Жети-Өгүз райком комсомолунун биринчи секретары болуп иштеп тургам. Ал кыргыз элинин чыныгы бейиштей жерде жашай турганын баса белгилеп, мындан кийин дагы Ысык-Көлгө келе турганын айткан. «Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болдум, бирок Кыргызстандай жерди көрбөдүм. Ал бейиштин төрүндөй болгон өтө кооз жер экен. Ошондон уламбы, айтор абдан тарткылыктуу жер экен», — деп айткан.
Космонавт Жети-Өгүздөгү шаркыратманын жанындагы чоң ташка кол тамгасын жазып калтырган. Кол тамга бүгүнкү күндө да сакталып турат.
Космонавт көзүнө жаш алды
Ага кандай белек берсек туура болот деп кечке ойлонуп, көп сунуштар болду. Анан менин сунушум менен эликтин баласы — чаарчыкты белекке бердик. Мындай жандуу белекти күтпөгөн Юрий Алексеевич көзүнө жаш алып, ал жаныбарды колуна алып, өөп жиберди. Чаарчык дагы анын бетинен бир нече ирет жалап жиберсе, космонавт көзүнөн жаш ого бетер күчөп тегеренди.
Гагариндин сунушу менен көптөгөн космонавттар Кыргызстанга келишти
Советтер союзунун эки жолку баатыры, Белоруссиянын биринчи космонавты, космонавттарды даярдоо борборунун директору Пётр Климук дагы Кыргызстанга келип, Ысык-Көлдөй көл көрбөгөнүн айткан. “Кыргыз элинин меймандостугу, улуттук үрп-адаттары, тамак-аштары аябай жакты. Кыргыз элинин орус тилинде орустардан кем калышпай таза сүйлөгөнү мени таң калтырды”, — дейт П. Климук.
Ал жакындарына да Кыргызстанга баруу керезин калтырган
ССРБдин биринчи аял космонавты Валентина Терешкова Гагариндин эки кызын, аялын ээрчитип, Ысык-Көлгө келип кеткен. Аларды абдан жогорку деңгээлде тостук.
Кыздарынын келишине атасынын керези себеп болгон. Ал тирүү кезинде аялына, кыздарына Кыргызстанды көрүп келгиле деп айта берчү экен. Мына Юрийдин ошол сөздөрүнөн улам кыздары да, аялы да Кыргызстанга абдан кызыгышып, ошентип атасы жүргөн жерлерде болуп, андан тышкары Ошко да барып келишти. Алар атасы ушундай кооз жерди көргөнүнө сүйүнүшүп, кыргыз элине ыраазычылык билдиришкен.
Кыргыз элинин космонавттарга болгон мамилеси
Борбор шаарыбыздын бир көчөсү Юрий Гагариндин атынан коюлган. Мурдагы жылы космонавттардын күнүнө карата Бишкек гуманитардык университетинин алдына Гагариндин тактасы орнотулду. Иш-чарага белгилүү инсандар катышып, анын ичинде кыргыз-өзбек элинин достугун бекемдеген биздин космонавт Салижан Шарипов дагы катышты.