“Империя групп” ишканасы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоодо келишимдеги милдетин так аткарган эмес. Ошол үчүн Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоо боюнча тендерге катышууда кара тизмеге кирген.

Ошондой эле, компания тендерге катышуу үчүн кагаз түрүндө документ тапшырган. Шарт боюнча электрондук түрдө тапшыруу керек болчу. Бул тууралуу маалымат жыйында жол чарбачылыгы департаментинин директору Зарылбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, “Империя групп” ишканасы “Кыргызстан” партиясынын тизмесиндеги Зарылбек Сарсейитовдин баласына таандык.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү