Чийки мунайдын арзан болушу кытайлык кайра иштетүүчүлөр тарабынан суроо-талаптын кескин өсүшүнө алып келди. Алар бензин баасы түшпөй жаткандыктан арзан мунайды толтуруп алууну көздөп жатышат.

2016-жылдын январь-мартында Кытай 91,1 млн тонна мунай импорттоду. Күн сайын коңшу өлкөгө 7,34 млн баррель мунай кирип жатат. Бул рекорддук көрсөткүч деп Bloomberg’ге таянып, РБК жазды.

Агенттиктин маалыматы боюнча, 2016-жылдын биринчи кварталында былтыркыга салыштырмалуу Кытай 6%га көбүрөөк мунай импорттоду. Жылдык көрсөткүч менен алганда өсүш 13%ды түзөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү