Жогорку Кеңештин депутаттары талапкердин программасын, өкмөттүн түзүмүн жана жаңы курамын бекитти.

Сооронбай Жээнбеков — ЖКнын төрт жолку депутаты. Айыл чарба министри, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, ошондой жана башка кызматтарда эмгектенген. Акыркы кызмат орду — президенттин аппарат башчысынын орун басары. Кесиби боюнча зоотехник.

Премьерликке Жээнбековдун талапкерлигин КСДП фракциясы көрсөтүп, парламентте толук колдоого алынды. Анын бир тууганы Асылбек Жээнбеков бүгүн ЖК төрагалыгынан кеткенин жарыялады.

Бөлүшүү