Жаратылышы кооз көлдөрдүн бири Сары-Челекти тургундар туризмин өнүктүрөлү дешсе, кээ бирөөлөр корукка адамдардын аз келгени жакшы деп жолун оңдобой келет.

 

Сары-Челек мамлекеттик коругу Жалал-Абаддын Аксы районунун аймагында жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1873 м бийиктикте жайгашкан. Узундугу 7,5 км, орточо жазылыгы 650 м (эң жазы жери 2280 м), кууш жери 300 м. Аянты 4,92 чаарчы км. Орточо тереңдиги 98 м (эң терең жери 234 м). Тереңдиги боюнча Кыргызстанда 2–орунда (Ысык-Көлдөн кийин).

Көрктү бузган көрүнүш

«Сары-Челек көлүнө кышында эс алуу үчүн келгендерди көрө албайбыз, бирок жайында бул жерге туристтер күн сайын келет. Туристтик сезондун ачылышы менен көйгөйлөр кошо жаралаары айтпаса да белгилүү. Эң башкы маселе – жолдордун абалы. Жолго асфальт төшөө эмес, оюлган жерлерди жамоого каражат бөлүнбөй келет. Тешик жерлердин көптүгүнөн туристтердин саны жыл сайын азайып баратканын жергиликтүү калк тилибиз какшаганча айтып келебиз», — дейт жергиликтүү тургун Өскөн.

Жергиликтүү жана чет өлкөлөрдөн келген туристтердин көз алдында кооз Сары-Челек эмес, каралбай калган жолдордун калганын айтышты.

Сүрөт: saat.kg Жол

«Мамлекетибиз эгемендүүлүктү алгандан бери Сары-Челек коругун өнүктүрүү боюнча бир да программа кабыл алынган эмес. Сары-Челекке туристердин көп келбешинин биринчи себеби жол маселеси. Аксы борбордон алыс жайгашкандыктан, келген адамдар чарчап келип эле жолду көрүп, адамдын көңүлү иренжип калат.

Экинчиден инфраструктуралар жок, соода борборлору айылдык эле деңгээлде. биздин айылдагы дүкөн, мейманканалар стандартка жооп бербейт. Мейманканалар да салынган эмес, жөнөкөй тургундар үйлөрүн туристтер жатканга ылайыкташтырып алышкан. Колунан келишинче жакшы тейлешет», -дейт дагы бир жашоочу Акматалы Турдалиев.

Жол оңолот

Аксы районунун акими Медет Айдаралиев өткөн жылы гранттын эсебинен 20 миллион сомго Кызыл-Туу айылынын 3 км жол оңдолгонун айтат. Быйыл Жылгын айылынан Сары-Челекке кирген жолду асфальттоо планга кирди. Май–июнь айларында башталат.

Алгач шлагбаумга чейинки 1,5 км жер асфальтталат. Шлагбаумдан кийинки жол көлгө чейинки коруктун балансында турат. Корукка кирген жолду оңдогонго жергиликтүү бийлик жооп бере албайт, ал үчүн корук жөнүндө өкмөттүк деңгээлде чечим кабыл алынышы керек дейт.

Бирок каршылар бар

«Коруктун ичин асфальттоо биздин режимге туура келбейт. Жылда өзүбүзчө жолду тегиздеп оңдойбуз. Көлдүн жээгинде туристтик үйлөрдү салганга болбойт. Шарт эмес, тескерисинче антропогондук факторлорду азайтып, нормадан ашпай турган кылып, туристтердин келгенин чектешибиз керек.

Эртең менен саат 8де киргизсек, түштөн кийин саат 3 дө чыгып кетишсе, 5те корук жабылышы керек. Ызы-чуу адамдардын көбү жаныбар, өсүмдүк, чөптөргө таасир берет», — деди Сары-Челек биосфералык коругунун директору Ормоналиев Эсеналы.

Туризм табиятты сактайт 

Сары-Челек көлүн көрүү үчүн мурун киши башына 30 сом, жеңил машинага 100 сом, автобус, чоң машиналарга 200 сом, таштандыга бир машинага 100 сом төлөнчү. Былтыр антимонополиядан баардыгын  100 сом кылып бириктирилген. Ал эми чет өлкөдөн келгендерге 400 сом алынат.

2015- жылдагы киреше 1 млн 620 миң сомду түзгөн. Өткөн жылы  туристтердин  саны  25миң болгон. Келген адамдардан түшкөн акчаны коруктун өзүнүн сакталышына жаныбырларга туз, уя, жем, чөп алганга, кызматкерлердин кийимине жумшалат.

«Дүйнө боюнча туризмди өнүктүрөбүз деп жатса Аксыда туристтердин санынын кыскартылышы мени таң калтырып келет. Туризмден түшкөн акчанын көп бөлүгүн туризмге багытташ керек. Айбанаттардын өзүнө, тузуна токой чарба агенттиги акча болуп  бериш керек. Мамлекттин эсебиндеги ишкана. Туристтер Көлгө эле барып сүрөткө түшүп, жаратылыштын кооздугуна суктанып кетет», — дейт жергиликтүү тургун Акматалы Турдалиев айтты.

1441274546_na-ozereust

изображение

Жергиликтүү калк турист күтсө…

«Аксы жаштар Биримдиги» коомдук фондунун жетекчиси Мирбек Мунарбек уулунун айтымында, 2014-жылы өкмөттүн аппаратына кат жолдошкон. Анда Таш-Көмүр-Тегене–Кара-Жыгач аркылуу Сары-Челек мамлекеттик коругуна чейинки жолдорго асфальт төшөө жана кеңейтүү боюнча сунуш берилген. Андан сырткары, Сары-Челек мамлекеттик коруктун ичине кирүү жана чыгуу өткөөлдөрүн автоматташтыруу, коруктун аймагында уюлдук байланышты жакшыртуу, тазалык муниципалдык ишканасын түзүү жана башка маселелер болгон.

Жергиликтүү бийлик шылтоо издейт

Активисттин кайрылуусу тиешелүү бөлүмгө жетпей эле, өкмөттүн ар кандай эксперттери менен жолугушуулар болгон. «Мамлекеттик корук — кол тийбес болуш керек, туристтердин саны көп болбошу керек, байланыш жок болгону жакшы, керек болсо ит багууга да болбойт» деп түшүндүрмө беришкен. Эгерде туристтердин агымын азайтуу үчүн жолдор курулбай, уюлдук байланыш иштебей, тазалык каралбай, өкмөт альтернативдик жолдорун таппай жаткан болсо, карапайым калктын колунан эмне келмек эле?

Сүрөт: saat.kg Сары-Челек көлү

Сары-Челек борбор калаадан 500 км алыстыкта жайгашкан. Көл 1959-жылы мамлекеттик коргоого алынып, биосфералык корук болуп түзүлгөн. Коруктун ичинде ар кандай түрдөгү 1000ден
ашык өсүмдүк, 10дон ашык түрлүү канаттуулар жана 34 түрдүү Кыргызстандын кызыл
китебине кирген жаныбарлар (аю, түлкү, карышкыр) бар.

Сары-Челек мамлекеттик-биосфералык коругу – «Юнеско» тарабынан катталган, кыргыз элинин жана Кыргызстандын баалуулуктарынын бири!

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү