Жогорку Кеңештин төрагасынын ордун социал-демократ өз ыктыяры менен калтырды. Парламенттин отурумунда ал бир тууганы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке талапкерлигине койгонуна байланыштуу кетип жатканын айтты.

“Мен КСДПдан үч жолу депутат болуп шайландым. Президенттин жана силердин ишенимиңер менен эки ирээт ЖК төрагасы болдум. Агам премьер-министрликке талапкер болгондуктан, өз ыктыярым менен ыйгарым укуктарыман баш тарттым”, — деди Жээнбеков.

Ал башка кесиптештери менен бирге депутат катары ишин уланта берээрин кошумчалады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү