Сооронбай Жээнбеков орус тил жана адабият мугалими, ЖКнын төрт жолку депутаты, айыл чарба министри, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, ошондой жана башка кызматтарда эмгектенген. Кесиби боюнча зоотехник. Өкмөт башчылыгына Жээнбеков келээри күмөн жаратпайт. Андан башка талапкер жок.

1“Балык губернатор”

Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы туруп, 2010-жылдын 8-апрелинде Ошто революциялык кыймылдын башында турган. Ошондон тартып, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Беш жыл Ош облусун жетектеп турганда “балык губернатор” деген атка конгон. Айрымдар аны жогорудан келген тапшырмаларды аткара билген адам катары таанышат. Былтыр жылдын аягында ээлеген кызматынан бошотулган.

2Оштун милиция башчысын 100 миң сом айыпка жыккан

Ош облусунун мурунку ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдылда Капаров Сооронбай Жээнбековду 2010-жылы июнь коогалаңында өкмөттөн берилген 3 миллион долларды жеп кетти деп маалымат тараткан. Жээнбеков аны сотко берген. Намысына шек келтирип, моралдык зыяны үчүн 100 миң сом акча каражатын балдар үйүнө котортуп берүүсү милдеттендирилсин деген соттук чечим кабыл алынган.

3Жээнбековдун тушунда Өзбекстанга өтүп кеткен жерлер

Элдин оозуна таянсак, Сооронбай Жээнбековдун убагында Керме-Тоо айылында Гүлбар талаасында 500 гектарга жакын жер тилкеси Өзбекстанга өтүп кеткен. Ошондой эле, Араван районуна караштуу Керкидон суу сактагычынын жанындагы жер тилкеси дагы өтүп кеткени айтылууда.

4Президенттин жакын кишиси

Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин ишеничтүү кишиси экени эли ичинде айтылып жүрөт. Атамбаев Бакиевдин бийлиги менен күрөшүп жатканда, аны колдоп жүргөн.

5Бийликтеги бир туугандары

Асылбек Жээнбеков ЖКнын эки чакырылышындагы төрага. Ал эми кийинки иниси Жусупбек Шарипов болсо Кыргызстандын Кувейттеги элчиси. Кантөрө Шарипов Жалал-Абаддагы финансы институтунун ректору.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү