Темир Сариев кызматынан кетет деген сөз чыкканда эле коомчулукта Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болот деп айтылып баштаган. Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары күтүлбөгөн жерден кантип өкмөттү башкарып калганын эстеп көрдүк.
Шашылыш шайлоо
Алмазбек Атамбаев коалициянын лидерлери менен жолугуп, кризис шартында өкмөттү тез аранын ичинде шайлоо керектигин айткан. Ошондой эле өкмөттүн курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кийинчерек деле караса болорун билдирген.
Тез табылган талапкер
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков алардын партиясынан премьер-министрликке татыктуу талапкер бар экенин жарыялаган.
Премьерлик башка түштү
Өкмөт башчысынын орду түшүнө да кирбегенин Жээнбеков кечээ өзү айтты. Бирок Темир Сариев отставкага кеткенде ал өкмөт башчылыкка сунуштала тургандыгы көпчүлүккө анык болгон. Ал эми саясий серепчилер бир нече талапкерлердин атын аташкан. Алардын башында Сооронбай Жээнбековдун дагы аты бар болчу.
Талашы жок тандалды
Премьер-министрликке талапкер катары көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековду КСДП жана “Кыргызстан” фракциялары бир добуштан колдошкон. Андан кийин “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекендин” фракциясы дагы макулдугун берген. Акырында оппозициялык “Республика–Ата Журт”, “Бир бол” фракциялары анын талапкерлигин колдогон.
Иниси ийкемдүүлүк кылып
Агасы Сооронбай Жээнбековду премьер-министр боло турганына ишенген Асылбек Жээнбеков өз ыктыяры менен ээлеген кызматынан кетти.
Жыйынтыгы күттүрбөдү
Ошентип, 11-апрелде Темир Сариев кеткенден кийин эки күндүн ичинде Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековду премьер-министр кызматына шайлады.