Уюмга киргенден кийин калктын жашоо деңгээли көтөрүлүп, интеграцияны күчөтүүгө багытталган кадамдар ишке ашпай калды. Армениянын ЕАЭБ мүчөлөрүнө экспорту бир топ кыскарган. 2015-жылы жалпы экспорту 4,7%га азайса, Орусияга чыгарылган товарлары 28,1%га төмөндөгөнү депутаттардын нааразычылыгын жаратты.

Долбоорду “Эркин демократтар” партиясы көтөрүп чыкты, ал батышчыл көз карашта экени белгилүү. Төрагасы Хачатур Кокобеляндын пикиринде, ЕАЭБ өлкөнүн изоляцияланышына жана чет элдик инвестициялардын кыскарышына алып келди. Бул тууралуу бүгүн РИА Новости жазды.

Партия парламентке “Армениянын ЕАЭБдеги мүчөлүгүн токтотуу процедурасын баштоо жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизгенин армениялык басылмалар билдиришти.