Орус президенти жубайы Людмила Путина менен ажырашканына быйыл үч жылдын жүзү болот. Бул арада мамлекет башчысы жаңы үй-бүлө курган жок. Салттуу түз эфирде Владимир Путинге качан биринчи айым менен тааныштырасыз деген суроо узатышты.

Путиндин айтымында, мурунку аялы менен ал кээде жолугуп турат.

“Мамилебиз жылуу. Мурункуга караганда да жакшыраак”, — деп тамашага салып айтты ал.

Орусия президенти жаңы үй-бүлө куруу маселесине көңүл бурбай жатканын кошумчалады.

“Ал өз жашоосуна ыраазы. Мен дагы ыраазымын. Баары жакшы. Айта кетчү нерсе, президентти, депутаттарды иштесин деп шайлайбыз да. Ошентсе дагы, жеке жашообуз адамдарга кызыктуу болот экен. Көнүп деле калдым. Балким, бир күнү тааныштырамын”, — деп сөзүн жыйынтыктады Путин.

Бөлүшүү