2015-жылы койлор менен эчкилердин саны 6 миллионго жетип, бир жыл мурункудан 1,7 пайызга көбөйдү. Жылкылардын саны 450 миң болуп, 3,8%га өстү. Ошол эле учурда, Кыргызстанда эшектер 15,5%га азайып кетип, өлкөдө 53,6 миң баш калды.

Өткөн жылдын февраль айынын аягында Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде эшек союлуп жатканы аныкталып, калк арасында бир топ чуу болгон. Эшектерди сойгон «Кайтал» ЖЧК бул эттер Гонконгдогу зоопарктарга жеткирилерин айтып ишендирген.

Андан кийин эшектердин этин союп, экспорттоп жатабыз деген «Кой-Тал» ЖЧКнын өкүлдөрү буга чейин экспортко кетиргенге даярдап койгон 605 эшектин этин муздаткычтарда сакталып тургандыгын билдиришкен.

Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка жана Сары-Жон айылдарынын ортосундагы аймакка желим баштыкка оролуп ташталган 101 эшектин этин 9-апрелде жергиликтүү тургундар тапкан. Эт ветеринаринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан ошол эле күнү биотермикалык аңга салынып, жок кылган.

2015-жылдын 22-сентябрында Ош шаарынын Манас-Ата кичи району менен Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагы чектешкен жердеги атайын сарайда эшектер багылып жатканы табылып, текшерип келгенде кыргыз-кытай биргелешкен “Монблан Трейд” жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болгон.

Сун Гуо Цзянь көрсөткөн документтерге ылайык, “Монблан Трейд” ишканасы Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан 2015-жылдын 4-сентябрында уруксат алынган. Кыргызстандык комиссия кытайлык ишкерлерге үй жандыктарын, анын ичинде жылкыны жана эшекти Кытайга ташып кетүүгө макулдук берген.

Сүрөт: www

Ветеринардык инспекция жана фитосанитардык коопсуздук боюнча директордун орун басары Жусупов Аширбай

«Өкмөттүн 294-377-токтомуна, Эл аралык Киев макулдаштыгына, КМШ мамлекеттерине мүчө болуп киргенибиздин негизинде жылкыларды, качырларды, эшектерди экспорттосо болот деген нормалар бар. Өкмөттүн токтомунда тирүү жана союлган эшектерди экспорттогонго уруксат берилген. Бирок 12-январдан баштап расмий башкы маминспекциянын №3 токтому менен Кыргызстандын баардык жеринде эшектерди кармоого, өстүрүүгө, фермаларды уюштурууга, экспорттоого тыюу салынды», — деп билдирди.

Бөлүшүү