11-апрелден баштап республиканын баардык региондорунда АИ-80, АИ-92 маркасындагы бензиндин жана дизоттун баасы 1 сомго кымбаттады. Баалардын өсүүсү орусиялык заводдордогу дүң баанын өсүүсүнө байланыштуу.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчисинин орун басары Улан Куловдун айтымында, мунайзаттын дүң баалары өткөн айга салыштырмалуу 10-15%га өскөн.

«Анын себеби Орусия заводдорунда профилактикалык иштердин башталганында. Натыйжада, мунайды кайра иштетүүчү кубаттуулуктун 16% иштен чыгат”, — деп ал Saat.kgге айтып берди.

Майдын кымбатташы жазгы талаа иштери башталышына туш келди.