Президент кол койгон мыйзам жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү коммерциялык максатта ташууга жол бербейт.
Таксиге оң рулдуу унааларды пайдаланууга 2016-жылдын 1-январынан тарта тыюу салынган эле. Бирок ЖК депутаттары аны жылдыруу чечимин кабыл алышкан.
ИИМ маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1 млн 600 миң транспорттук каражат бар. Алардын 14-15% оң рулдуу унааларга туура келет. 2014-жылы алардын айынан жол кырсыктарынын 24% орун алган. Буга байланыштуу, мекеме оң рулдуу таксиге тыюу салууну демилгелеген болчу.