Оппозициялык фракция төрагалыкка өз талапкерлигин көрсөтүүгө укуктуу экенин айтты. Талапкер тандоого жетишүү үчүн убакыт берүүнү суранууда.

Депутат Максат Сабиров жаңы спикерди шайлоону кийинки жумада өткөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, иштеп жаткан эки вице-спикер милдеттерин так аткарууда.

Асылбек Жээнбеков (КСДП) кеткенден кийин Жогорку Кеңештин төрагасынын орду бош калды. Азырынча негизги талапкерлеп деп Канат Исаев (Кыргызстан) менен Бакыт Төрөбаевдин (Өнүгүү) аты айтылып жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү