Спорт күйөрмандарын көптөн күттүрүп, дегдеткен спорттук мелдештердин көпчүлүгү ушул жылы өткөрүлгөнү турат. Андыктан бул жылды спорт жылы деп атасак да болчудан. Быйыл Кыргызстанда өткөн, кыргыз спортчулары четте катышкан жана күйөрмандар күткөн дүйнөлүк оюндар абдан көп.

Хоккей

Сүрөт: sport.gov.kg
Сүрөт: azattyk.kg

Бишкекте бүгүн хоккей боюнча «Азия чакырыгы кубогу» жыйынтыкталат. Кыргызстан акыркы беттеште Макао курамасы менен ойнойт. Бирок бул матч эч нерсени чечпейт. Кыргызстан командасы буга чейин үч оюнду катары менен жеңди. Индияны 11:1, Катарды 9:0, ал эми Малайзияны 9:5 эсебинде утуп, алдын ала чемпион болду.

Тогуз коргоол

Изображения

Алматыда бул күндөрү Алматыда (Казакстан) коргоол боюнча III дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат. Мелдешке АКШ, Антигуа Барбуда, Германиядан бери жана Борбор Азиядан келишип, баш-аягы 23 өлкөдөн 50дөн ашуун алдыңкы спортчулар катышууда.

Футбол

Европа Чемпионаты

Франция Европа чемпионатын үчүнчү жолу кабыл алып жаткан биринчи өлкө болду. Мелдештин тарыхында биринчи жолу турнирге 24 команда катышат. Буга чейин 16 эле команда катышып келчү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Сүрөт: inter.kg

Сентябрь айында Ысык-Көл жээгинде экинчи жолу өткөрүлө турчу оюндарга жалпысынан 40тан ашык өлкө катышып, 25 оюн түрүбоюнча мелдештер өтөт.

Олимпиада

Олимпиада 2016

Быйыл 5-августтан 21-августка чейин Бразилиянын Рио де Жанейро шаарында жайкы Оллимпиада оюндары өтөт. Анда спорттун 20 түрү боюнча 300дөн ашуун медалдын комплекти ойнотулат. Бул оюнга Кыргызстан да катышат.

Бөлүшүү