Асылбек Жээнбековду президенттин жакын адамы катары таанышат. Алмазбек Атамбаевдин сөзүн эки кылбай, парламентте демилгелерин ишке ашырууда төраганын орду чоң болду.

2011-жылдын соңунда ЖКга төрага болуп шайланып, бир тууганы Сооронбай Жээнбеков премьерликке келгенден кийин быйыл кызматын тапшырды. 5 жыл спикерликте кандай башкарды, баш мыйзам боюнча парламент өз функцияларын аткара алдыбы? Saat.kg изилдеп көрдү.

Чечилбеген чуулгандуу окуялар

Асылбек Жээнбеков башкарган парламенттин тушунда эң чуулгандуу Кумтор маселеси болду. Алтын кендин айланасында эски бийликтердин тушунда туура эмес түзүлгөн келишимдер эске алынып, Жогорку Кеңеш изилдеп чыгуу боюнча парламенттик комиссия түзгөн. Ал өз жыйынтыгын чыгарганда ача пикирлер жаралып, жокко чыгарылган.

Парламенттик комиссияга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Бирок ал да өзгөртүүгө алып келген эмес. Алтын кендин айланасындагы чуу бир канча өкмөт башчылардын кетүүсүнө себеп болгон. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бир жактуу чечилбей келет.

Чечилбеген Кумтор

Жээнбековдун тушунда ЖК 2012-жылы Орусия менен жетишилген келишимге ылайык Камбар-Ата-1 жана жогорку Нарын каскаддарын куруу боюнча келишимди ратификациялаган. Бирок 4 жыл бою курулушу башталбаган ГЭСтер эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунан кийин 2016-жылдын башында денонсацияланды. Бирок булар президенттин чечиминен кийин гана аткарылып жаткан.

V чакырылштагы Жогорку Кеңеш ар кандай ызуу-чуулар менен коштолду. Жалпы коалицияларды мындай койолу, фракциялар ичинде келишпестиктер болуп, бир нече топко бөлүнүп кетишкен. Өкмөттү башкарууга түзүлгөн коалиция бир нече жолу бузулуп, кайра түзүлгөн. VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин да өз иши башталаары менен соттошкон депутаттардын кара туманы каптады.

Жогорку Кеңеш

Ишке ашкан долбоорлор

Ар кандай сындарга, окуяларга карабастан, Асылбек Жээнбеков башкарган Жогорку Кеңеш таркап кетпей, эгемендүүлүк мезгилинде тарыхый жолду биринчи болуп басып өттү. Жээнбеков башкарган Жогорку Кеңеш түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушун бекитип берген. Ал 2017-жылдын аягына колдонууга берилиши күтүлүүдө. Андан сырткары, кытайлык компания Кара-Балтадагы мунай заводун ишке киргизди. Бишкек жылуулук электр станциясын реконструкциялоого Кытай өкмөтү менен келишимге жетишилди. Бир катар алтын кендери ишке кирген.

Түнднүк-түштүк унаа жолу 2017-жылдын аягында бүткөрүлөт.
Түнднүк-түштүк унаа жолу 2017-жылдын аягында бүткөрүлөт

Коңшу өлкөлөрдөн электр жеткирүүдө көз карансыздыктан кутулуу үчүн Датка-Кемин көмөк чордонун курулушун колдоп, ал  бүгүн толук кандуу ишеп жатат. Бир канча жылдан бери коомчулукта талкууланып келген ЕврАзиялык Экономикалык Биримдикке толук кандуу мүчө болуп кирдик. Жергиликтүү дыйкандар, ишкерлер жабыр тартып жатканы менен, Орусия, Казакстандагы кыргыз мигранттары жеңилдиктерди алышты. Бирнчи жолу «бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун» Кыргызстанда өткөрүүгө парламент макулдугун берген.

Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңеш бир катар эл аралык уюмдар, коңшу өлкөлөрдүн парламенттери менен тыгыз кызматташып келди.

Президенттин сөзүнөн чыккан жок

V чакырылыштын депутаты, азыр чет өлкөдө жүргөн Садыр Жапаров Жээнбеков башкарган Жогорку Кеңеш өз функцияларын аткара алган жок деп эсептейт.

С.Жапаров«Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн көзгө көрүнөөрлүк иш жасалган жок. Жогорку Кеңеш да коррупция менен аралашып, ызуу-чуудан арылбады. Кабыл алынган мыйзамдар элдин жашоосун өзгөртө алган жок. Жеке өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн парламенттин функцияларын пайдаланышты», — деп ал ою менен Saat.kgге бөлүштү.

Экс-депутат парламент көбүнчө президент сунуштаган маселелерди колдоп, өз функцияларын аткара албай калды. Чынында парламентте оппозиция деген аты эле болбосо, президент эмне сунуштабасын баарын кабыл алып берип жаткандыгын белгилейт.

Жээнбеков баардык депутаттын пикирин эске алчу

КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков Жээнбеков башкарууну өз колуна алып албай, жалпы депутаттардын пикирин эске алган деп эсептейт.

Ч.Турсунбеков«Парламенттин макамын 2010-жылы көтөргөндөн кийин Жогорку Кеңеш мамлекет алдында оор жүктү мойнуна алды. Башка парламенттик өлкөлөрдөй болуп спикерлик башкаруу болгон жок, Асылбек Жээнбеков баардык депутаттардын пикирин эске алуу менен ишти алып барды. Бир да депутат менен кайым айтышуу же жаңжалдашуу болгон жок. Ошондой эле, кызматтык ордун мыйзамды сыйлап өз эрки менен тапшырып берди», — дейт КСДП лидери.

Аткарылбаган мыйзамдар

Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңешти башкарган жылдары 4 жолу өкмөт башчысы алмашты, бирок бири да жоопкерчичликке тартылып, же отчёт берген эмес. Кыргыз Республиасынын баш мыйзамынын бешинчи бөлүмүндө жазылган 85чи жана 89-беренелеринде премьер-министр Жогорку Кеңеш алдында отчет берет жана өкмөт иши үчүн жоопкерчилик таратат деп жазылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү