Ахмедова өкмөттүн басма сөз кызматын 2015-жылдын 17-июнунан бери жетектеп, Темир Сариевдин артынан жумушун калтырды.

КТРКнын мурунку кабарчысынын айтымында, учурда маалымат каражаттарынан жана министрликтерден сунуш абдан көп түшүп жатат. Бирок ал азырынча бир чечимге келе элек.

“Журналистиканы аябай сагындым. Эки жума дем алып, кайра журналистикага кайтууну көздөп жатам”, — деп Ахмедова Saat.kgге айтып берди.

Анын ордуна өкмөттүн басма сөз кызматына Жогорку Кеңештин мурунку пресс-катчысы Толгонай Стамалиеванын келиши айтылууда. Бирок, азырынча буйрук чыга элек.

Бөлүшүү