Нааразы болгондордун айтымында, 2012-жылдан бери кыргыз мигранттарына жумуш таап берем деп, акчасын алып, дайыны жок болуп кетет. Аны видеого тартып, жайылтышкандан кийин, бизди дагы алдап кеткен деп 50дөй адам кайрылган.

Мамашарип уулу Майсалбек курмандыктардын бири болду. Аны жумуш менен камсыз кылып берем деп, 3000 сом акчасын жана 14 миң сомдук уюлдук телефонун алган. Алдамчылыкка шектүү адамды ал видеого тартып алган.

Екатеринбург шаарында иштеп жаткан Кубатбек Сатыбаевдин 6 миң сом акчасын да жумуш таап берем деп 15 күн мурун алдаган.

«Бир кеңсеге документ бүтүрүп чыгам деп кирип кеткен бойдон кумга сиңген суудай жок болду”, — дейт.

Бул адам өзүнүн толук аты жөнүн, кайда жашаарын, номерин эч кимге айткан эмес.