Берлин, Майндагы Франкфурт, Дрезден, Визбаден, Карлсруэ жана Пфорцхайм шаарларында жаш режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун катышуусунда «Сүтак» тасмасы немис элинин назарына коюлуп берилди.
Тасманын ачылышы «Neue Visionen» атуу немис продюссердик борбору аркылуу Коттбус шаарында өткөн эл аралык кинофестивалдын жыйынтыгы менен атайы премия алганга да жетишти.
Азыркы учурда тасма Берлиндин борборунда жайгашкан «Hackesche Höfe» кинотеатрында ачылышы болуп, көрүчүүлөрдүн катарында Кыргызстандын жана Германиянын элчиликтери, кыргыз-герман маданият коомунун өкүлдөрү, Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкулдөрү жана шаар тургундары болуп 200 адам чогулду.
Кыргыз элчилиги бул тасманын көргөзүлүшү эки өлкөнун жакындашына көмөкчү болоорун айтып өттү.
Тасманын бет ачаарынан кийин, фуршет уюшулуп, көрүүчүлөр режиссёр менен баарлашканга мүмкүнчүлүк алышты деп тышкы иштер министрлиги маалымдады.
«Сүтак» Германияда дагы 2 жума бою коюлат.