18-22-апрелде аба ырайы кескин түрдө өзгөрөт. ӨКМдин маалыматы боюнча, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаайт.

Ошондой эле, 15-16-апрелде абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-250-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 75-83-чакырымдарында жана Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Канышкыя унаа жолунун 70-80-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Температуранын төмөндөшү айыл чарба, мал чарба иштерине тоскоолдук жаратат. Жаандын айынан Чүй, Талас, Ош, Жалал-абад жана Баткен облустарында сел жүрөт.

Бөлүшүү